super.kg logo
  Саясат  

Туманбаев "Ынтымак ордонун" курулушуна 2 миңге жакын индиялык жарандар тартылганын айтты

 

"Ынтымак ордо" резиденциясынын курулушуна 2 миңдей Индиянын жараны тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал буга кыргыз курулушчуларынын жай иштөөсү себеп болгонун айтты.

"Биз болушунча өзүбүздүн жарандарыбызды иштеткенге аракет кылабыз. Бирок биздин жарандар убагында курулуш иштерин бүтүрө албай жатат. Ушул объектти салып жатканда 2 миңге жакын индиялыктарды алып келгенбиз. Бул боюнча эч качан өкүнбөйм. Алар кара жумуштарды аткарганга тартылды.

Биздин кыргыздарда той көп, анан чөп башталат. Эки жакка кетип калышат. Өздөрү бир мөөнөттү коюшат дагы, ошол учурда бүтүшпөйт. Курулушчулар алмаша берет. Чет жактан алып келгенибиздин дагы бир себеби бар, алар ошол жерде жатышат дагы, жумушту өз убагында аткарышат", - деди Туманбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: