super.kg logo

Бишкекте үйүн тарттырып жиберүүнүн алдында турган эже-сиңдини УКМК башчысы кабыл алды

 

Бишкек шаарында үйүн тарттырып жиберүүнүн алдында турган Асел Максатбекова менен анын сиңдисин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жеке кабыл алды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Атайын кызматтын башчысы окуянын жагдайларын иликтеп, кыздардын үй маселесин тез арада чечип берүүнү тийиштүү кызматтарга тапшырды. Ошондой эле курулуш компаниясынан кыздарга 3 бөлмөлүү 2 батир берүү боюнча да талабын койду. Бул УКМК тарабынан көзөмөлдөнө тургандыгы кошумчаланган.

УКМК билдиргендей, кыздардын апасы 2023-жылы узакка созулган оорудан, атасы 2005-жылы жол кырсыгынан каза болгон. Кыздардын энеси Чимкентская көчөсүндө жайгашкан үйдө 2001-жылдан бери жашап, үйдүн ээси Сапегин Н.Т. менен сатып алуу келишимин түзгөн жана 2008-жылы турак жайды 3 миң долларга сатып алган. Нотариус менен күбөлөндүрүлгөн документтер болгону менен, белгисиз себептерден улам мамлекеттик каттоодон өтпөй калган (Мамкаттоонун архивинде бул келишим бар). Ал эми үйдүн мурунку ээси Сапегин 2021-жылы каза болгондон кийин анын аялы менен кызы мураскор болуп, үчүнчү тарапка, сатып жиберген. Ал болсо эже-сиңдиден үйдү бошотуп коюуну талап кылган.

Белгилей кетсек, буга чейин эки кыз социалдык баракчалар аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылып, алардын укугун коргоп берүүнү суранган.






21.11.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: