super.kg logo

№47 абактын ордуна салынчу турак жайдан түзөтүү мекемесинин 600дөй кызматкерине үй берилери айтылды

 

Мурунку №47 түзөтүү мекемесинин жерине салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн абактын 600гө жакын кызматкерине батир берилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ал батирлердин 30 пайызы үлүшчүлөргө, калганы кезекке тургандарга ипотека катары берилерин белгиледи.

"Ал жер Жаза аткаруу кызматына таандык жер болгон. Андыктан абакта 20-30 жыл эмгектенген жарандардын жери болгонуна байланыштуу берип жатабыз. Алар жөнөкөй кызматкерлер. Ошол жерде тамак жасаган, полун жууп, тазалыгын карап жүргөндөр. Биринчи баскычтагы 18 кабаттуулар бүтөрүнө аз калды. 9 кабат болгондо бат эле бүтмөк. Ал эми экинчи баскычтагы 24 кабаттуулардын курулушу 16-17-кабатына келип калды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын бул ишти баштаганына 1 эле жыл болду", - деди Туманбаев.

Буга чейин Каныбек Туманбаев Фейсбук баракчасы аркылуу Мамлекеттик ипотекалык турак үйлөрдөгү батирлер кандай болорун көрсөткөн видео менен бөлүшкөн.

Белгилей кетсек, 2022-жылы 29-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8,5 гектар аянтты ээлеген №47 түзөтүү абагы шаар сыртына көчүрүлгөнүн, ордуна турак жай комплекси курула турганын айткан.






21.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: