Туманбаев жыл аягына чейин канча үй-бүлө батирлүү болорун айтты
Жыл аягына чейин 2 миң 200 үй-бүлө батир менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев журналистер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ал Мамлекеттик ипотекалык компания учурда өлкө боюнча куруп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин саны 42 миңге жакын экенин айтты.
"10-декабрга чейин биринчи объектилердин берилиши башталат. Батирлерди электрондук кезекке кандай турган болсо, ошондой таризде алышат", - деди Туманбаев.
Ошондой эле ал компанияга үлүшчү болгон мигранттарга, соода тармагында иштегендерге берилерин кошумчалады.
21.11.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

