super.kg logo

Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекадагы кезек боюнча билдирүү жасады

 

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан батирлерди алуудагы кезекке тургандар жылдырылбасын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда "Ынтымак ордо" резиденциясындагы маалымат жыйынында билдирди.

Ал кезектин жылышып кеткени тууралуу кайрылуулар келип жатканын белгилеп, аларды текшерүүгө алганда жалган маалымат болуп чыккан айтты.

"Кезекти эч ким жылдыра албайт. Мага келген каттарды текшертсем фейк болуп чыгып жатат. Социалдык тармактардан жазгандарды текшерүү үчүн чакыртсак жок болуп чыгып жатат. Биз 21-кылымда жашап жатабыз, ошондуктан кезек электрондук түрдө. Ким гана болбосун бардыгыбызга мыйзам бирдей. Кезектин жылдырылшы боюнча так, факты менен маалымат берсеңер, ким гана болбосун мыйзам менен жазага тартылат", - деди Туманбаев.

Каныбек Туманбаев батирлер электрондук кезек боюнча берилерин маалымдап, чарчы метринин баасы канча болорун айтты.






21.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: