super.kg logo

Бишкектин бир районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтоду

 

Бишкектин Учкун кичирайонунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишкананын кызматкерлери текшерүү учурунда диаметри 377 миллиметр болгон (1994-жылы пайдаланууга берилген) квартал аралык түтүктөн ысык суунун агып жатканы аныкталган, ошол себептен Учкун кичирайонунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.

"Азыркы учурда оңдоо бригадалары жабыркаган жерин жана ордун аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Тиешелүү оңдоо иштери бул аймакта жылуулук менен камсыздоо толук калыбына келгенге чейин улантылат.

Жылуулук жана ысык суу берүүнүн качан калыбына келери тууралуу кошумча маалымдалат.

"Бишкек жыллулук тармагы" ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранат", - деп билдиришти мэриядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: