super.kg logo
  Спорт  

Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор октагондо жолукмай болушту

 

Легендарлуу мурдагы UFC мушкерлери Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегор Дубайда өтө турган турнирде октагондо жолугат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.

Эки мурдагы мушкер Усман Нурмагомедов менен ирландиялык Пол Хьюздун беттешинде жолугушат. Анда Нурмагомедов менен Хьюз Bellator уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн беттешет.

Беттеш 2025-жылдын 25-январында Дубайда (БАЭ) өтөт. Анда Хабиб Нурмагомедов аталаш тууганы Усман Нурмагомедовго секундант болсо, Конор Макгрегор жердешин колдоп чыгат.

Эске салсак, 2018-жылы Хабиб менен Конор UFC тарыхындагы эң резонанстуу беттештердин биринде мушташкан, анда орусиялык мушкер атаандашын беттешин төртүнчү бөлүгүндө муунтуу ыкмасы менен жеңип алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: