super.kg logo

Кыргызстандык бийчилер Азия чемпиондугунда коло жана күмүш байге тагынышты 

 

Кыргызстандык бийчилер Гонконгдо өткөн бал бийи боюнча Азия чемпиондугуна катышып, күмүш жана коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Спорттук бий федерациясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрда Гонконгдо спорттук бал бийи боюнча Азия чемпиондугу (Asian Single Dance Championship-2024) болуп өткөн. Ага Кытай, Япония, Өзбекстан, Казакстан жана башка ондон ашык өлкөнүн бийчилери катышкан.

"Кыргызстандын атынан барган Хасан Ибрагимов менен Вероника Тян коло жана күмүш байгеге ээ болуп, Азиянын вице-чемпиондору болушту. Ошону менен катар Азия чемпиондугунун алкагында "Hong Kong Open 2024" эл аралык мелдеши өтүп, анда Ибрагимов менен Тян күмүш медаль тагынышты. Ошентип алар өлкөнүн куржунуна үч медаль алып келишти.

Кыргызстандагы бий спортунун тарыхында биздин өлкө биринчи жолу европалык программада бий көрсөтүштү", - деп билдиришти федерациядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: