super.kg logo

Орусияда канча кыргызстандык мыйзамсыз жүргөндүгү айтылды

 

Орусияда октябрь айына карата 71 миң 949 кыргызстандык миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүрөт. Бул туурасында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бул категорияга Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалымат базасында маалыматы жок адамдар кирет. Алар эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзбөгөн, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөрбөгөн, миграциялык каттоого турбаган жарандар.

ТИМ миграцияда жүргөн жарандарга Орусиянын ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө кайрылып, өздөрүн тиешелүү маалымат базасына киргизип, "тобокелдик зонасынан" чыгуу үчүн тийиштүү документтерди берүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: