super.kg logo

Ташиев жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык мелдешке катышкан УКМКнын кызматкерлери менен жолугушту

 

Бүгүн, 22-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖККУнун Башкы катчысынын кубогу үчүн күч түзүмдөрүнүн арасында болуп өткөн комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык турнирге катышкан УКМКнын 9-кызматынын аскер кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Аталган турнир Орусияда өтүп, анда Кыргызстандын курама командасы ийгиликтүү чыгып, 7 медаль: 1 күмүш, 6 коло медалга ээ болуп, жалпы командалык эсепте Кыргызстан 3-орунга чыккан.

УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери, команданын башкы машыктыруучусу “Калкан” атайын багыттагы башкармалыгынын улук офицери У.Н., Ж.А. – 3-орун.

Ал эми Чек ара кызматынын кызматкерлери: А.Б.– 3-орун, А.О. –2-орун, Ж.у.М. – 3-орун, Ж.у.Э. – 3-орун, К.Д. –3-орун, К.М. – 3-орун, аталган кызматкерлердин сыйлыктары жайгашкан жери боюнча Баткен облусунда ыйгарылат.

"Ташиев мушкерлерди жеңиши менен куттуктап, аларга бекем ден соолук жана спорттук жетишкендиктерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ар бир аскер кызматчысы өз милдетине ишенимдүү болуп, улуттук коопсуздукту коргоодо кызмат кылышы керектиги белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары УКМК төрагасы спортчуларга акчалай сыйлык тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: