Байден Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алуу ордерин чыгарганына нааразы болду
АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галанттын камакка алуу ордери боюнча Эл аралык кылмыш сотунун (ICC) чечимин "туура эмес иш" деп баалады.
Тиешелүү билдирүү Ак үйдүн сайтында жарыяланган. Жо Байден Кошмо Штаттары Израилдин коопсуздугу коркунучта болгондо ар дайым анын жанында болорун баса белгиледи.
Эске салсак, кечээ Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Израилдин коргоо министри Йоав Галлантты камакка алууга ордер берген. Аларды камакка алуу ордери Газа тилкесиндеги кылмыштары үчүн чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.