super.kg logo

ИИМ: Баңгизат сатууга шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

 

Бишкек шаарында баңгизат сатууга шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга "А" аттуу жаш жигит Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында Телеграм социалдык тармагы аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Мындан улам шектүү катары 18 жаштагы жаран кармалган.

Аны тинтүү учурунда кара барсеткасынан скотч менен оролгон 16 даана брикет табылган. Шектүү өзү баңгизаттарды кайсы жерге катып жатканын көрсөтүп берген. Бул боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалып, алынган заттар синтетикалык "Альфа ПВП" баңгизаты экени аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.






22.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: