super.kg logo

Белгилүү казак блогери той өткөрөм деп карызга батып калганын айтты

 

Zheka Fatbelly деген каймана ат менен таанымал коңшу казакстандык блогер Жеңис Омаров үйлөнүү тоюн карызга акча алып өткөрүп, аны араң дегенде төлөп кутулганын айтты.

Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үйлөнүү тою үчүн карызга алган акчасын төлөөгө бир жылдан ашык убакыт кеткенин билдирди.

"Молданазар ырдап, кайыкка түшкөнүбүз эсиңиздеби? Бул тойду мен карызга өткөргөм. Бир ай мурун мен тойго кеткен акыркы карызымды төлөдүм. Карызды төлөө үчүн батирди сатууга туура келди.

Мен финансылык жактан сабаттуу болсом, карызга батпайт болчумун. Ошондо тапкан акчамдын баарын кандайдыр бир муктаждыктарга жумшамакмын. Карыздарды жапмайынча айткан эмесмин. Эми баары жабык, мен бул тууралуу ачык айта алам", - деди блогер.

Эске сала кетсек, блогер Zheka Fatbelly менен анын сүйлөшкөн кызы 2023-жылдын августунда расмий түрдө жубай болушкан. Тойдон кийин блогерге кайын атасы жаңы унаа белек кылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: