super.kg logo

Кайсы өлкөлөр Нетаньяхуну камакка алууга даяр?

 

Нидерланды, Швейцария, Италия жана башка ондогон өлкөлөр Гаага сотунун чечимин аткарарын жарыялашты.

Нидерланды Биньямин Нетаньяху менен Йоав Галант өлкөгө кирсе, ордерлерди аткарарын билдирген.

Эл аралык соттун чечими Голландиянын Тышкы иштер министрлиги үчүн да күтүүсүз болду. Министрликтин башчысы Каспер Вилдкамп Израилге сапарын токтотууга аргасыз болду.

Нидерланды, Швейцария, Ирландия, Италия жана Испания өз милдеттерин Рим статутуна жана эл аралык мыйзамдарга ылайык аткара тургандыктарын билдиришти. Австрия да ушундай деп билдирди, бирок анын тышкы иштер министри Александр Шалленберг ордер "абсурд" экенин кошумчалаган. Ага карабай Вена премьер-министр Австрияга келсе, Нетаньяхуну кармап, Гаага сотуна өткөрүп берүүгө милдеттүү болот.

Эске салсак, 21-ноябрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, мурдагы коргоо министри Йоав Галант жана башкаларды камакка алууга ордер берди. Сот Израилдин жетекчилигин Палестина аймактарында согуш кылмыштарын жасаган, анын ичинде ачарчылыкты курал катары колдонгон деп айыптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: