super.kg logo

Кремль Эл аралык соттун Нетаньяхуну камоого ордер берүү чечимине комментарий берди

 

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Эл аралык кылмыш сотунун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алууга ордер берген чечими Жакынкы Чыгышты жөнгө салууга салым кошорунан күмөн санай турганын билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.

"Жалпысынан, Гаагадагы соттун бул иш-аракеттери эч нерсеге жардам бере албайт", - деген Песков.

Эске салсак, 21-ноябрда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, мурдагы коргоо министри Йоав Галант жана башкаларды камакка алууга ордер берди. Сот Израилдин жетекчилигин Палестина аймактарында согуш кылмыштарын жасаган, анын ичинде ачарчылыкты курал катары колдонгон деп айыптады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: