Абхазиянын экс-президенти Бжания республикадан чыгып кетти
Абхазиянын кызматтан кеткен президенти Аслан Бжания республикадан тышкары экенин билдирди. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, Бжания азыр Абхазияда эмес экенин, Москвага бир нече күнгө учуп келгенин айткан.
Буга чейин, 19-ноябрда Абхазиянын парламенти республиканын азыркы президенти Аслан Бжаниянын отставкасын кабыл алган.
Эске сала кетсек, буга чейин Бжания республикада “стабилдүүлүктү жана конституциялык тартипти сактоо үчүн” кызматтан кетүүгө макул болгон. Андан кийин ал туулуп өскөн айылы Тамышта жашап жатканын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.