super.kg logo

Украина Киркоров, Басков баштаган артисттерди мамлекеттик сыйлыктардан ажыратты (тизме)

 

Киев "Украина саткын" деп эсептеп, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылгандардын биринчи тизмесин жарыялады. Документ Украина президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 34 адамды: Украинанын мурдагы чиновниктерин жана экс-депутаттарын, ошондой эле орусиялык саясий, диний жана маданий ишмерлерди мамлекеттик сыйлыктарынан биротоло ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ошентип, орусиялык аткаруучулар Николай Басков, Филипп Киркоров, Александр Малинин, композитор Игорь Крутой "Украинанын Эл артисти" наамынан, ал эми ырчылар Ани Лорак менен Таисия Повалий "Украинанын эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратылды.

Ал эми орус православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Кирилл 1-даражадагы "Даанышман" орденинен ажыратылды.

Андан тышкары тизмеге киргендердин арасында Жогорку Раданын мурдагы депутаты, Орусия президентинин жакын адамы Виктор Медведчук, мурдагы башкы прокурор Виктор Пшонка, Украинанын экс-премьер-министри Николай Азаров жана мурдагы билим берүү жана илим министри Дмитрий Табачник дагы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: