super.kg logo

Москвада дүкөнгө бал сатып алууга барган аял жүз миллион рубль утуп алды

 

Москва шаарында Катерина аттуу аял бал сатып алуу үчүн соода борборуна барып, ал жерден лотерея ойноп, 100 миллион рубль утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, ал үйдө бал түгөнүп калганын көргөндөн кийин соода борборго чуркап кире калган. Ал жерден "Столото" лотереясын ойноону чечкен. Ал алган лотереясын туулган күнүнүн даталарына карап тазалаган.

"Эки билетим кичинекей утуш менен аяктады. Ал эми үчүнчү билетти өчүрүп жатып, "Столотоша кел, мени капа кылба, менин туулган күнүм жакындап келе жатат" сүйлөндүм. Анан эле көргөн көзүмө ишене албай, нес абалда туруп калдым", - деген жеңүүчү аял.

Бир заматта миллионер болгон аял курулуш тармагында иштейт. Анын жолдошу жана бойго жеткен уулу менен кызы, төрт небереси бар. Ал уткан акчасына биринчиден жакындарына үй андан кийин өздөрүнө коттедж аларын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: