Канттагы заводдо чыккан өрттөн Кытай жараны каза болду
Кант шаарында жайгашкан заводдо чыккан өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында чыккан өр кырсыгына 4 күжүрмөн эсеп, 5 өрт өчүрүүчү унаа жана 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен жалын саат 08:10до чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен бир Кытай жараны каза болгон.
Бүгүн, 23-ноябрь күнү таңга маал Кант шаарындагы "Кант курулуш" заводунун аймагында жайгашкан имарат өрттөнгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.