super.kg logo

Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев 97 жаш курагында каза болду

 

Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Баатыры Мамбет Мамакеев 97 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маалыматты дарыгердин жакындары тастыкташты.

Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда туулган. Ал хирургия тармагында 67 жылдан ашык эмгектенген. Ошондой эле 250дөн ашык илимий эмгектин автору, ондогон илимдин докторлорун жана кандидаттарын даярдаган. "Манас" ордени жана башка мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.

Мамбет Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген.

Мамбет Мамакеев 2020-жылдын 29-февралында "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп убакыт иштеген хирург катары катталган.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мамбет Мамакеевдин жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: