Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда жазында үч эмдүү болгон үй-бүлөгө батир жана 500 миң сом берди







Бүгүн, 24-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ушул жылдын март айында 3 эмдүү болгон Жалал-Абад шаарынын тургуну Ойбек Ахмедов жана Фатима Исматовалардын үй бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан батирлеринен 3 бөлмөлүү батирди кезексиз берүү сертификатын тапшырды.
Бул үй бүлө өздөрүнүн жеке турак жайы жок болгондугуна байланыштуу ата-энесинин үйүндө, көпчүлүк болуп жашап келгенин айтат. Үй сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Камчыбек Ташиевге кайрылган жана кыска убакытта кайрылуусу кабыл алынган.
Учурда Ахмедовдордун жалпы 7 баласы бар. 3 эмдин экөөсү уул, бири кыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.