Түркияда Орусиянын учагы аэропортко конор алдында кырсыкка учурады (видео)
Анталия шаарындагы аэропортто 24-ноябрь күнү кечинде орус авиакомпаниясына таандык учак кырсыккка учурады. Бул туурасында Mash Телеграм каналы жазып чыкты.
Маалымдалгандай, катуу шамалдан улам Sukhoi Superjet 100 (SSJ-100) учагынын дөңгөлөктөрү учуп-конуу тилкесин сүзө конгон. Анын натыйжасында кыймылдаткычтардын биринен өрт чыгып, жалын күчөп кеткен.
“Учактын ичинде жалпы 89 жүргүнчү жана 6 экипаж мүчөсү болгон. Алар өз учурунда куткарылды”, - деп айтылат маалыматта.
Түркияда Орусиянын учагы конор алдында кырсыкка учурады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.