super.kg logo

УКМК Жалал-Абадда соттор туура эмес чечим чыгарганы үчүн кармалганын билдирди

 

Жалал-Абад облустук Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан сот адилеттигине жатпаган чечим чыгаруу фактысы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, Жалал-Абад шаардык сотунун өкүмү менен 1982-жылы туулган Х.С. Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүндө (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмышка күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

Соттун жогоруда аталган чечими апелляциялык инстанцияда, Э.К., М.У. жана К.М. соттор курамы тарабынан кайрадан каралып, сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарылган. Кармалган жарандын иш-аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнө 268-беренесинин 2-бөлүгүнө (2017-жылдын редакциясында) негизсиз квалификацияланып, 8 жылга эркинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалган. Өкүмдүн аткарылышы башка мамлекеттин аймагында болуп, энесинин камкордугунда болгон анын уулу 14 жашка чыкканга чейин мыйзамсыз кийинкиге калтырылгандыгы маалыматта белгиленген.

Сот адилеттигине жатпаган чечимдин натыйжасында соттолгон Х.С. камактан бошотулуп, качып кеткенге үлгүргөн.

Башкы прокурор тарабынан жогоруда аты аталган сотторго кылмыш иши козголгон жана 22-ноябрда Жогорку сотунун судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жактырган. 23-ноябрда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен тергөө абагына бир айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: