Бишкектин Чыңгыз Айтматов көчөсүндө теректерди кыюу иштери башталды (видео)







Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы теректерди кыюу иштери мэрия кызматкерлери тарабынан башталды.
Теректерди кыюу иштери бүгүн, 25-ноябрда Ажыбек баатыр көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектиси менен жогору көздөй башталды. Учурда Бишкек мэриясынын кызматкерлери теректерди кыйып жатышат.
Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы теректерди кыйып, ордуна башкасын отургузууну көздөп жатканы буга чейин айтылган. Мэрия теректердин көпчүлүгүнө 50-60 жыл болгонун, көбү картайып кооптуу болуп калганын айткан.
Биринчи этап менен 200 бакты кыюу пландалууда.
Мэрия кыйылган теректердин ордуна чынар же клён жалбырактуу дарак тигиши мүмкүн.
Чыңгыз Айтматов көчөсүндө теректерди кыюу иштери башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2025-06-25

14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.