super.kg logo
  Саясат  

"Чагымчыл иштерди жүргүзүшүүдө". Депутат Маткеримов кыргызстандыктарды биригүүгө чакырды

 

Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов кыргызстандыктарды биригүүгө чакырды.

Ал УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге болгон коркутууларды эске салып, өлкөнү туруксуз абалга алып келүү аракеттери болуп жатканын айтты.

"УКМК төрагасы маалымат жыйынында өзүнө кандай кат келгенин, канча жолу өмүрүнө коркунуч жаралганы тууралуу айтты. Ошондуктан мен убакыттан пайдаланып, бардык депутаттарды, кыргыз калкын ушундай күндөрдө биригүүгө чакырат элем. Бүгүнкү өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бардыгы келечегибиз үчүн. Биздин өлкөнүн өнүгүшүнө шарттарды түзүүнүн максатында болуп жатат. Убагында коррупциялык жол менен мамлекеттин мүлкүнө кол салып, мыйзамсыз менчиктештирип алган жана көп жыл ичинде кызматтык орундан кызматтык орунга секирип жүрүп, элдин ырыскысын өзүнө оодарып алгандар чагымчыл иштерди жүргүзүп жатат. Биз аларга жол бербестен, биргеликте өнүгүү жолуна ташталган кадамга чогуу жардамдашалы", - деди ал.






Жогрку Кеңеш (Айбек Маткеримов)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: