super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар мурдагы кесиптештери Кадырбеков менен Икрамов демилгелеген мыйзамдарды четке какты

 

Бүгүн, 25-ноябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында мурдагы депутаттар Нуржигит Кадарбеков менен Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген мыйзамдарды четке кагуу маселеси каралды.

Жыйында комитет төрайымы Винера Раимбачаева Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына мындай сунуш эки депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу киргизилерин билдирди. Ал бул боюнча Министрлер кабинети тарабынан тийиштүү тескеме келгенин дагы белгиледи.

Раимбачаеванын айтымында, Кадырбековдун "Айрым мыйзам акытыларына "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруудагы камсыздандыруу жөнүндө", "Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу мыйзам долбоорун жана Икрамовдун "Айрым мызам актыларына "Укук бузуулар кодекси", "Эмгек кодекси", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мызамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун четке кагуу каралмакчы.

Жыйынтыгында сунуштама комитет депутаттары тарабынан бир добуштан жактырылды.

Эске салсак, 19-июлда БШК Икрамовдун ыйгарым укуктарын өзү жазган арыздын негизинде токтоткон. Ал эми Нуржигит Кадырбеков 30-августта өз каалоосу менен мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган. БШК Кадырбековду ошол эле күнү депутаттык мандатынан ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: