super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Австриянын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү 

 

Бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаров Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында аталган мамлекеттин президенти Александер Ван дер Беллен менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда алар саясий өз ара аракеттенүү маселелерине, Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө келечегине өзгөчө көңүл бурушту.

Александер Ван дер Беллен өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимди бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү туруктуу диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн олуттуу потенциал бар экенин баса белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн Кыргызстан активдүү кызматташууга даяр экенин ырастады.

Ошондой эле ал сүйлөшүүлөр кыргыз-австриялык мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берип, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.

Тет-а-тет форматында жолугушуу аяктагандан кийин эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусу менен сүйлөшүүлөр кеңири курамда улантылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: