Унаасынын терезесин караңгылаткан айдоочу ортого адам салганына карабай айыпка жыгылды (видео)
Автоунаасын мыйзамсыз караңгылатып алган "Геликтин" айдоочусу ортого киши салганына карабай айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда ЖКККББнын баракчасына жарыяланды.
Анда Кайгуул милициясынын кызматкерлери машинаны Жукеев-Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинен токтотушкан.
Айдоочу маселени жеринде чечүүгө аракет кылып, тааныштарына чалган. Эч нерсеге карабаган кайгуулчулар автоунаанын терезесинен плёнкасын сыйрып, 20 миң сом айып салышкан.
Видеодо айдоочу таанышына чалып, таанышы "видеого ким тартып жатат? билдирбей акырын көрсөтсөң" деп айтып жатканын көрүүгө болот.
25.11.2024
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26
16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.