super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Австриянын кызматташуусуна байланыштуу бир канча документтерге кол коюлду

 

Бүгүн, 25-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун Австрияга жасаган расмий сапарынын алкагында кыргыз-австриялык биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Тышкы иштер министрлиги менен Австриянын Европа жана эл аралык иштер министрлигинин ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташтык программасы.;

- Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Австриянын финансы министрлигинин ортосундагы инновациялык технологиялар, мыкты тажрыйбалар жана экономикалык кызматташтык жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Австриянын финансы министрлигинин ортосундагы инновациялык технологиялар, пайдалуу кендерди казып алуу жана минералдык ресурстар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Финансы министрлиги менен Австриянын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

- Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Австрия патенттик ведомствосунун ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Энергетика министрлиги менен “ANDRITZ HYDRO GmBH” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: