super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Австриянын канцлери сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

 

Бүгүн, 25-ноябрда президент Садыр Жапаровдун Австрияга болгон расмий сапарынын алкагында Австриянын канцлери Карл Нехаммер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, эң алгач мамлекет башчысы Ардактуу коноктордун китебине Австрия элине жакшы каалоо-тилектерин билдирип, эстеликке жазуу калтырды.

"Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана энергетика жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Федералдык Канцлер демократия, адам укуктарын урматтоо жана укук үстөмдүгү принциптерине негизделген эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого умтуларын ырастады", - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров өз кезегинде Кыргызстан менен Австриянын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүү зарылдыгын айтып, түзүлгөн өнөктөштүк биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатканын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: