super.kg logo

Бишкекте Сталиндин убагындагы имараттарды бузуу пландалууда

 

Бишкекте совет доорунда курулган үйлөрдү бузуп, ордуна жаңы үй курууну пландап жатышат. Бул тууралуу УТРК мамлекеттик телеканалы билдирди.

Анда Мамлекеттик курулуштун жетекчиси Нурдан Орунтаев "сталинка" жана "хрущёвка" имараттарын бузуу тууралуу сөз кылган. Буга объект курууга жердин жоктугу себеп болууда.

"Бизде Сталиндин, Хрущеадин маалында курулган үйлөр абдан көп. Мисалы, 10 миң чарчы метрди түзгөн 500 батир бар. Эгерде алардын ордуна азыркы, заманбап көп кабаттуу үйлөрдү кура турган болсок, анда 100 миң чарчы метрди түзө турган турак үйлөрдү курууга болот. Бул учурдун талабына ылайык болууда", - деп айткан Орунтанв.

Бул идеяны ишке ашыруу качан башталары айтылган жок. Алар тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну пландап жатканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: