super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Венадан түз Берлинге расмий сапар менен барды

 

Президент Садыр Жапаров расмий сапар менен Германияга барды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысынын борту Берлин шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Учактан түшө беришинде килем төшөлүп, Ардак кароолдун ротасы тизилди.

Ал эми Садыр Жапаровду Германиянын Тышкы иштер министрлигинин протокол жетекчисинин орун басары Фолькер Тиммерман жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Белгиленгендей, расмий сапардын алкагында мамлекет башчысы Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Тараптар кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгынын бүткүл комплексин жана аларды өнүктүрүү келечегин талкуулашат, ошондой эле аймактык жана эл аралык мүнөздөгү маселелер боюнча пикир алмашат.

Мындан тышкары Садыр Жапаров германиялык бизнес өкүлдөр менен жолугушуу өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: