super.kg logo

Жалал-Абадда 53 жаштагы аялдын үстүнөн 11 адам арыз жазды

 

Жалал-Абад облусунун аймагында алдамчылык менен алектенген коңшу өлкөнүн жараны Оштон кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга алдамчылык фактысы менен Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун 11 тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар Гулум аттуу аял ишеничтерине кирип, ар кандай товарларын алып, кайра сатып, акчасын үч күндө алып келип берем деп качып жүргөндүгүн айтышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 53 жаштагы аял киши Ош шаарынан кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал аял коңшу өлкөнүн жараны экендиги аныкталган.

Учурда шектүүнүн дагы башка бир нече кылмыштарды жасагандыгы боюнча маалыматтар аныкталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: