"Тигил жакта бир кыз жатат". Бишкекте жаңы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды (видео)
Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында жаңы автобус кырсыкка кабылды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Кырсык Бишкектеги Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда автобус Mercedes-Benz унаасы менен сүзүшүп, жолдон чыгып кеткен.
"Жарышпай абайлап айдагыла, жол кырсыгы болуптур, карагылачы. Тигил жакта бир кыз жатат", - деди видеонун автору.
Кырсыктан жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган жок.
Бишкектеги жол кырсыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.