super.kg logo

УКМК Ташиевдин уулунун атын жамынган дагы бир алдамчы кармалганын айтты

 

УКМК төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып жүргөн дагы бир алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, Ж.И. аттуу жаран ар кандай маселелерди чечүү үчүн жарандарды адаштырып, алардан ири өлчөмдөгү акча алып, кийинчерээк жогорку кызматтагы адамдардын жакын туугандары менен жеке тааныштыгын жамынып алып, өз милдеттерин аткаруудан баш тарткандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу УКМКга Т.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал жогорудагы жаран Камчыбек Ташиевдин уулунун атына жамынып алып, 240 миң доллар өлчөмүндө акчасын ээлеп алгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгында Ж.И.Р. аттуу жарандын УКМК төрагасынын жакын туугандары менен эч кандай мамилеси болбогону аныкталган.

Мындан улам ал кармалып, №1 тергөө абагына кармалып, киргизилди.

"Азыркы учурда мыйзамсыз ишмердүүлүктүн бардык катышуучуларын жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоого багытталган тергөө иштери улантылууда. УКМК өлкө мыйзамдарын бузууга жол берилбестигин эскертет, алар аныкталган учурда тийиштүү чаралар көрүлөт, анын ичинде кылмыш-укуктук мүнөздөгү кылмыш-жаза чаралары көрүлөт, ал эми мындай фактылардан жабыркаган жарандарды 0312-62-05-85 номуруна кайрылууга чакырат", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: