super.kg logo

Бишкек мэриясы жаңы автобустун катышуусундагы кырсык боюнча билдирүү жасады

 

Бишкек шаарынын мэриясы бүгүн, 26-ноябрда шаардын батыш тарабында жаңы автобустун катышуусундагы кырсык боюнча билдирүү жасады.

Мэрия билдирүүсүндө кырсыктан 8 адам жабыркаганын билдирди.

"Бүгүн, 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн.

Кырсыктан 8 адам жабыркаган, алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 жүргүнчү жеңил унаада болгон. Алар ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖКККБ кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, жеңил унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган", - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин кырсыктын видеосу тараган. Анда автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, автобус жолдон чыгып кеткен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: