super.kg logo

"Айдоочу ордунан ыргып". Бишкектеги кырсыктын видеосу тарады

 

Социалдык тармактарда бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарында коомдук транспорттун катышуусунда катталган жол кырсыгынын тартылган видеосу тарады. Кадр автобустун ичиндеги видеобайкоого түшүп калган.

Анда автобус айланма жолго киргенден кийин катуу ылдамдыкта келген жеңил унаа капталынан сүзгөн. Автобустун ичиндегилер менен кошо айдоочу дагы ордунан ыргып, тура калып кайра автобусту башкарганы көрүнөт.

Буга чейин автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, автобус жолдон чыгып кеткени тартылган видео тараган болчу. Мэрия бул боюнча маалымат берип, окуя Барпы Алыкулов менен Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) болгонун, катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөнүн, кырсыктан 8 адам жабыркаганын билдирген.






26.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: