super.kg logo

Бишкектеги автобустун катышуусундагы кырсык: Мерседестин 18 жаштагы айдоочусу мас экени аныкталды

 

Бишкектин батыш тарабында Zhong Tong автобусу менен сүзүшкөн Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу мас абалда болгондугу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык боюнча тергөө иштери башталып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, автоунаалар айып пул короосуна киргизилген.

Медициналык күбөлөндүрүү учурунда Mercedes-Benz Е270 автоунаасынын 2006-жылы туулган айдоочусу мас абалында болгондугу аныкталып, акт түзүлгөн. Учурда ергөө иштери улантылууда.

Буга чейин автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, автобус жолдон чыгып кеткени тартылган видео тараган болчу. Мэрия бул боюнча маалымат берип, окуя Барпы Алыкулов менен Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) болгонун, катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөнүн, кырсыктан 8 адам жабыркаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: