super.kg logo
  Саясат  

Интерполдун өкүлдөрү расмий иш сапары менен Кыргызстанга келишти

 

25-26-ноябрь күндөрү Интерполдун башкы катчылыгынын өкүлдөрү расмий иш сапары менен Кыргызстанга келишти. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алар ИИМ жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, Интерполдун Улуттук борбордук кеңсесине, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына жана ИИМдин Академиясына барып алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мындан тышкары алар кылмышкерлерди издөө жана экстрадициялоо менен алектенген укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн атайын эки күндүк окуу семинарын өткөрүштү.

"Интерполго мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн негиздери, эл аралык сот адилеттиги жана укук коргоо тармагындагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү жолдору менен тажрыйба алмашууда тараптар мамилени чыңдоо керектигин баса белгилешти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: