super.kg logo

Инновацияга карай стратегиялык кадам: Биз өзүбүздүн процессинг борборубузду ишке киргиздик

 

Бакай Банк өзүнүн процессинг борборун куруп, аны ишке киргизүү менен инновация жана өнүгүүгө карай чоң кадам жасады. Бул банктын тарыхындагы жаңы барактын ачылышы катары сыпатталат жана кардарлар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат.

Эми Visa картасы боюнча операциялар түз эле банк тарабынан жүргүзүлөт. Бул жагдай кардарларды алгылыктуу артыкчылыктар менен камсыздайт:

* төлөмдү заматта ишке ашыруу: транзакциялардын ылдамдыгы бир кыйла жогорулап, операциялардын ишенимдүүлүгү камсыздалды;

• карталарды тез аранын ичинде алуу: карталарды чыгаруу жана аны берүү мурдагыдан да тез болууда;

* ыңгайлуу төлөм стикерлери: байланышсыз төлөм жүргүзүүлөр жаңы деңгээлге чыгууда – стикерди жеке карта же негизги картага кошумча катары колдонсо болот;

• эч бир активдештирүүсүз: эми карталар колго тиери менен эле колдонууга даяр болот. Мындан ары банкоматка барып аны активдештирүүгө убакыт сарпталбайт;

• коопсуздук күчөтүлгөн: сиздин маалыматтарыңыз ишенимдүү корголгон. Карталар BakAi тиркемесинде гана жеткиликтүү болгон CVV коду жок берилет. Бул чечим картаны жоготуп же аны кимдир бирөө сүрөткө тартып алгандагы шылуундук операцияларынын тобокелдигин азайтат;

• туруктуулук жана ишенимдүүлүк: жаңы процессинг системанын туруктуу иштешин кепилдеп, бузулуу тобокелдиктерин азайтат.

Процессинг борборубуздун болушу банкка төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

• төлөмдөрдү иштеп чыгуунун бардык этаптарын толугу менен көзөмөлдөө. Муну менен процессти оптималдаштырып, чыгымдарды азайтууга болот;

* рыноктун өзгөрүлгөн талаптарын ыкчам аныктап, инновациялык каржылык продукт жана кызматтарды иштеп чыгуу;

• сиздин маалыматтардын коопсуздугун мүмкүн болушунча камсыздоо жана каражаттарды коргоо;

• тейлөөнүн пайдалуу шарттарын сунуштоо.

Жеке процессингди түзүү – бул банктын кардарларынын бийик талаптарын канааттандырууга багытталган технологиялык чоң секириги гана эмес, анын лидерлик позициясын бекемдөөгө карата жүргүзүлгөн стратегиялык чоң кадамы.

Бакай Банк кардарларын дүйнөлүк стандарттарга жооп берген шартта тейлөө үчүн инновацияга инвестиция кылууну улантууда. Бул кадам Кыргызстандагы алдыңкы каржылык-насыялык мекемелердин бири экенин далилдейт.

Банкты алмаштыруу мезгили.

Бакайга өтүңүз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: