super.kg logo
  Саясат  

Берлинде Кыргызстан менен Германиянын президенттеринин жолугушуусу өттү

 

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин, анын ичинде саясий, экономикалык жана маданий тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле глобалдык эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери жана регионалдык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

"Мамлекет башчылары кыргыз-герман мамилелерин эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын белгилешти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: