super.kg logo

Орунтаев: "Эскилиги жеткен үйлөр жашоочулардын макулдугусуз буздурулбайт"

 

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев эскилиги жеткен үйлөрдү бузуу жашоочулардын макулдугу менен гана жүргүзүлөрүн, аларды эч ким мажбурлабай турганын айтты.

Реновацияга туура келген ар бир чарчы метр жердин ордуна жер берилет же акчалай төлөнөт. Жашоочунун макулдугусуз эч нерсе буздурулбайт” – деди Орунтаев.

Мындан тышкары ал инвестор эскилиги жеткен үй жайгашкан жер тилкени сатып алууну кааласа, үйдүн ээлеринин макулдугун аларын түшүндүрдү.

"Эгерде инвестор заманбап турак жай комплексин куруу үчүн эски үйдү же жер тилкесин сатып алууну көздөп жатат дейли. Ошондой эле ал имаратты сатып алууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок ошол эле учурда алар кожоюндары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдугун алат. Анан долбоор боюнча жаңы үй салат. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан көзөмөл болуп, эң алгыч жашоочулардын кызыкчылыгы каралат. Бул пункттардын баары ченемдик укуктук актыларда камтылат”- деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Орунтаев "сталинка", "хрущёвка" үйлөрү буздуруу пландалып жатканын телеканалдардын бирине айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: