super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолукту

 

Бүгүн, 26-ноябрда президент Садыр Жапаров Берлин шаарына жасаган расмий сапарынын алкагында Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда кыргыз-герман жана глобалдык күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.

Канцлер Олаф Шольц кыргыз-герман мамилелеринин өнүгүү динамикасына жогору баа берди. Ал Германия Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде эки өлкө үчүн артыкчылыктуу тармактарда өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Ал эми президент Садыр Жапаров кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Азыр биздин өлкөгө германиялык бизнес тарабынан бир кыйла кызыгуу байкалып жатканына кубанычтабыз. Биз германиялык бизнестин биздин экономикабызга катышуусун кубаттайбыз”, - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы гидроэнергетика, транспорт жана логистика сыяктуу кызматташуунун артыкчылыктуу тармактарын айтып өттү. Ал Кыргызстан Германия менен, ошондой эле бүтүндөй Европа Биримдигинин өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкка ачык экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: