super.kg logo

Милиция Кызыл-Кыядагы топ балдардын мушташы боюнча кылмыш ишин козгоду

 

Кызыл-Кыя шаарында жашы жете электердин мушташы боюнча 12 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында шаардагы "Таштемир ажы" базарынын батыш тарабында болгон. Анда 17 жаштагы 4 бала базардын жанынан өтүп баратканда топ балдар аларга кол салып, эч бир себепсиз ур-токмокко алышып, денелерине жаракат келтиришкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки тергөө иштери башталып, жабырлануучулардын ата-энелеринен арыздар алынган жана балдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми топ балдар Кызыл-Кыя шаарынын жашы жете элек 12 тургуну экени такталып, кармалган. Учурда кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, иликтөө иштери уланууда.

Буга чейин Кызыл-Кыядагы мушташтын видеосу "Штраф" Телеграм каналына жарыяланган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: