Эң аз пенсиянын суммасы канча? Соцфонддун төрагасы пенсиянын өлчөмү көбөйгөнүн айтты (видео)
Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев октябрь айынан тарта минималдуу пенсия 6900 сом болгонун айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Эл өкүлү пенсия жашындагылардын жашоо минимумуна дагы кызыкты. Алиев бул 2023-жылдын аягына 6814 сом деп эсептелгенин айтты.
Ошондой эле соцфонддун төрагасы пенсия жарандарга убагында берилип жатканын белгиледи.
"Пенсия боюнча карызыбыз жок. Пенсияны төлөөгө толук каражатыбыз бар. Эч кандай күттүрүүсү жок, ай сайын убактысы менен берип жатабыз", - деди ал.
Жогорку Кеңеш 27.11.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

