super.kg logo
  Саясат  

"Кымбатчылык кокодон алып жатат". Депутат Токтошев пенсияны көтөрүүнү талап кылды

 

Бүгүн, 27-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев пенсияны жок дегенде инфляциянын өсүшүнө теңеп көтөрүү керектигин айтты.

Ал социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден быйыл инфляциянын деңгээли канча пайызга өскөнүн жана пенсияны кийинки жылга канча пайызга көтөрүү каралып жатканын сурады. Алиев инфляция 10,8 пайыз көтөрүлгөнүн айтып, пенсияны 2025-жылда 7 пайызга жогорулатуу пландалганын, ал үчүн 1 миллиард 300 миллион сом кошумча каражат каралып жатканын айтты.

"7 пайыз эч нерсе чечпейт да. 10 миң сом алган кишиге 700 сом кошулат экен. Бул жашоосуна таасир бербейт да. Сиз жетекчи болгондой кийин ошону көтөрүп чыгышыңыз керек. Эч кандай сунушуңуз жок, доклад жасап отуруп алдыңыз. Кымбатчылык кокодон алып жатат, эл кыйналууда. Жок дегенде 10 пайызга теңейли деп талашпайсызбы!" - деди Токтошев.






Жогорку Кеңеш 27.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: