super.kg logo
  Саясат  

Депутат Козуев Ооган согушунун ардагерлеринин пенсиясын көтөрүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 27-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев Ооган согушунун ардагерлеринин пенсиясын көтөрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү аймактардагы эл менен болгон жолугушууларда Ооган согушунун катышуучулары пенсияларынын аз экенине даттанышканын билдирди.

Козуев өлкөдө мындай пенсионерлердин саны канча экенине кызыкты. Буга социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев алардын саны 18 экенин айтты.

Ошондой эле эл өкүлүнүн жалпы аскер кызматчыларынын пенсиясынын көтөрүлүшү боюнча берген суроосуна, финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева "1-октябрдан тарта 10,8 пайызга жогорулады" деп жооп узатты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: