super.kg logo

"Апасы, кызы, күйөө баласы..." Милиция Ошто бир үй-бүлө мүчөлөрүн кармап кетти (видео)

 

Ош шаарында психотроптук дары-дармектерди сатуу менен алектенип жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда жубайлар, тагыраагы, 25 жаштагы аялы менен 29 жаштагы күйөөсү күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди сатып жаткан жеринен кармалышкан. Алар дарыларды Honda Stepwgn унаасы менен түн ичинде сатып жүрүшкөн. Унааны тинтүү учурунда 116 даана психотроптук дары-дармектер табылган.

Милициянын маалыматы боюнча, жубайларга бир үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү дагы көмөктөшүп келген. Алар келиндин 54 жаштагы апасы, 43 жаштагы таежеси жана анын 47 жаштагы күйөөсү, ошондой эле келиндин 32 жаштагы агасы. Жыйынтыгында үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашаган жерлери тинтүүгө алынып, 8 миңден ашуун психотроптук дары-дармектер табылган.

"Алар чет өлкөдөн ири өлчөмдөгү дары-дармектерди сатып алып турушкан. Жалпысынан дүң баада 1 миллион 205 сом жана чекене (мыйзамсыз сатуу) баасында 3 миллион 685 миң сомдук товарлар алынган", - деп айтылат маалыматта.






27.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: