super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар кызматы аба ырайына байланыштуу билдирүү таратты 

 
Өлкө аймактарында 30-ноябрь күндүз жана 1-2-декабрда аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.
ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
2-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы, айрым жерлерде туман түшүшү күтүлүүдө. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.
Абанын температурасы төмөндөйт:
  • Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3° …+2°, күндүз +1… +6°;
  • Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз 0…+5°,
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5°, күндүз +4…+9°;
  • Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°;
  • Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз +1…+6°;
  • Нарын облусунунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -4° …+1° градус болот.
Республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3° …+2° градус, бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24°, күндүз -6…-11° градуска чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: