super.kg logo
  Саясат  

Шакиев гендердик зомбулукка каршы акция тууралуу үн катты

 

Жогорку Кеңеш аялзатына карата зордук-зомбулуктардын алдын алууга жана жоюуга чакырган 16 күндүк өнөктүктү колдойт. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрдагы парламент жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Спикер аталган акция жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин өткөрүлүп келе жатканын белгиледи. Ошондой эле бул өнөктүк Кыргызстанда алгач 2008-жылы уюштурулганын эске салды.

“16 күндүк кампания аялзатына карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу багытында мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун, медиа каражаттардын жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүнүн аракеттерин бириктирүүгө арналган. Жогорку Кеңеш да башкы мыйзам чыгаруу органы катары аталган маселеге астейдил көңүл буруп, аялзатына карата жасалган зордук-зомбулуктардын алдын алууга жана жоюуга багытталган өнөктүктү колдойбуз”, – деди Шакиев.

Белгилей кетсек, борбор калаада гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк эл аралык акция өтүп жатат. Иш-чара 25-ноябрда – Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталган, ал 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: